Нигерия жаранынын өлүмүнө шектүү жигит: сөгүнгөндө уруп жибергем

Жазылуу
Чет элдик жаран комада жатып, бир күндөн кийин каза болуп калган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкекте ажал тапкан нигериялык киши менен болгон жаңжал жергиликтүү тургун соцтармакта түз эфирге чыгып сүйлөшүп жатканда чыккан. Бул туурасында шектүү тергөө учурунда берген көрсөтмөсүндө айтканын Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Сокку жеген чет элдик жаран комада жатып, бир күндөн кийин каза болуп калган.

"Шектүү тергөө учурунда, 2-июль күнү ГУМ "Чынар" соода борборунун жанында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде достору менен сүйлөшүп жатканын айтты. Ошол учурда чет элдик жаран келип аны телефонго тартпоону суранган. Ал "мен сизди телефонго тарткан жокмун" деп айткан. Андан соң чет элдик жаран сөгүнө баштаганда экөө жаңжалдашып ЦУМ тарапка барышкан. Бишкектик жигит кемсинтүүгө чыдабай Нигериянын жаранын бетке урган", — деп айтылат маалыматта.

Тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада эсине келбей көз жумган Нигерия жаранынын сөөгү Бишкекке коюлат
Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү Бишкекте болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанында болгон. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов маркум менен шектүү бири-бири менен тааныш эместигин, экөө ЦУМдун чыга беришинен кокусунан түртүшүп кеткенин айткан. Андан кийин сөздөн-сөз чыгып уруша кетип, шектүү чет элдик жаранды уруп жибергенде жыгылып, жерге кара кушу менен тийгенин билдирген.

Маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директорлугун аркалап, англис тилинен сабак берчү. Анын сөөгү Арча-Бешик айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0