Ысык-Көлдө үч өлкөнүн таланттуу балдары чогулду

Жазылуу
Сары-Ой айылындагы иш-чарага 400 бала катышууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын лидер-окуучулары жана сүрөтчү балдары чогулган "Ысык-Көл балдардын көзү менен" аттуу жолугушуу өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эр эңиш оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн Тоң районунда "Тескей Жээк" этнофестивалы уюштурулат
Сары-Ой айылында өтүп жаткан иш-чарага 400 бала катышууда. Программа боюнча алар бизнес-оюндарга, "Бирге кадам таштоо", "Биз дүйнөнү жакшыртабыз" социалдык долбоорлоруна жана ыр, бий сынактарына катышат.

Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан жолугушууга алгачкы жолу "Командада иштөө. Лидерлик", "Эмоциялык интеллектти өстүрүү", "Маалыматтык коопсуздук", "Пикир келишпестик жана аны чечүү жолдору" аттуу тренингдер болот.

Ошондой эле балдар Юристанбек Шыгаев, Мухтархан Исанов, Карыпбек Рыскелдиев, Дүйшөнбек Искаков сыяктуу сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө күбө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0