"Коопсуз шаар": эми өлкөнүн кайсы жолдоруна камера орнотулары айтылды

Жазылуу
Жалпысынан 306 камера коюлмакчы.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында 306 стационардык жана көчмө көзөмөл камералары орнотулат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер өтүп жатат. Ага төрт компания катышууда, арасында биринчи этапты ишке ашырган "Вега" компаниясы да бар.

"2020-жылдан тарта "Коопсуз шаардын" экинчи этабын ишке киргизүү пландалууда. Камералар өлкөнүн негизги шаарларына жана башкы трассаларына орнотулат", — деди Саркулов.

Камера коюла турчу аймактардын тизмеси:

  • Бишкек — Балыкчы — Торугарт жолу;
  • Кара-Балта — Жалал-Абад жолу;
  • Жалал-Абад — Өзгөн — Ош жолу;
  • Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолу;
  • Ош шаары.
Жаңылыктар түрмөгү
0