БУУ: Кыргызстан жарандуулук көйгөйүн чечип, дүйнө элине үлгү болду

Жазылуу
Дүйнөдө 10 миллионго жакын адамдын жарандыгы жок.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстан жарандык көйгөйү менен күрөшүүдө дүйнө элине үлгү көрсөттү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда беш жыл аралыгында жарандыгы жок жүргөн адамдардын саны 13 миңден нөлгө түшкөн.

"Бишкекте өткөн 4-июлдагы салтанаттуу иш-чарада жарандыгы жок 50 кишиге паспорт, ошондой эле 15 балага күбөлүк берилди. Алар кезекте турган акыркы адамдар болчу. Эми бул өлкөдө жарандыгы жок адам калбады", — деп айтылат маалыматта.

БУУдан маалымдашкандай, дүйнөдө 10 миллионго жакын адамдын жарандыгы жок. Алардын 500 миңи Европа өлкөлөрүндө жашайт. Өкүндүргөнү — ондогон бала документи жоктугунан эч кандай укукка ээ эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0