Эки киши өлтүрүлгөн лагердин чоо-жайы айтылды

Жазылуу
Аталган жерде эки кишинин өмүрү кыйылды.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы эки кишинин өмүрү кыйылып, бир аял барымтага алынган лагерь тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, 4-июлда лагердин жетекчисинин орун басары менен бир кызматкери киши колдуу болгон. Дагы бир адам жарадар болуп, аял барымтага алынган. Милиция атайын операция жүргүзүүдө.

Милициянын айтымында, лагерь расмий түрдө "Тур Хан-Тенгри" деп аталат. Буга чейинки "Хан-Теңири" деп берилиши кыргыз тилиндегиси деп түшүндүрүштү.

"Бул альпинисттик лагерь эмес, чет элдиктердин Кыргызстанда аңчылык кылуусуна кызмат көрсөткөн жай. "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Сырт аймагында жайгашкан. Каракол шаарынан 180 чакырым алыстыкта, Эңилчек айылынын Ат-Жайлоо аймагына жакын. Лагерде эки конок үй бар", — дешти милициядан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуя боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0