Бишкектин 7-кичи районунун айрым бөлүгүндө эки күн газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газ оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү кызматтар жер алдынан өткөн газ куурларын оңдошот

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы айрым үйлөрдө 10-июлдан 12-июлга чейин жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган аймактагы №28 үйдө газ убактылуу өчүрүлөт.

"Тийиштүү кызматтар жер алдынан өткөн газ куурларын оңдошот", — деп айтылат маалыматта.

Аталган күндөрү 30 абонент газсыз калат. "Бишкекгаз" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0