ЦУМдун жанында сабалган чет элдиктин абалы оор бойдон калууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2-июлда болуп, урган киши изин сууткан эле.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбор калаанын борбордук дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында Нигериянын сабалган жаранынын абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы
Окуяга күбө болгон адамдын айтымына караганда, чет элдик жаран ЦУМдан бир эркек киши менен кошо чыккан. Ал нигериялыкты бет талаштыра чаап жибергенде, берки асфальтка кулап, эсин жоготкон. Ал эми чоң муштум окуя болгон жерден из жашырган.

Эртеси Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кол салган жаранды кармаган. Ал 22 жашта экени аныкталып, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына алып келинген.

"Нигериянын жараны "мээси жабыркады" деген дарт аныктамасы менен ооруканага түшкөн. Учурда Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүндө өтө оор абалда жатат. Комада", — деп билдиришти министрликтен.

Бишкек шаардык милициясы чет элдик жаранга кол салуунун себеби белгисиз экендигин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0