Facebook, WhatsApp, Instagram кадимкидей иштей баштады

© REUTERS / Stephen LamFacebook компаниясынын логотиби. Архив
Facebook компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-июлда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда WhatsApp, Instagram жана Facebook тиркемелеринин ишинде мүчүлүштүктөр жаралган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Facebook компаниясы Twitter тармагындагы расмий баракчасына мүчүлүштүктөр толугу менен жоюлганын жарыялады.

​Кечээ, 3-июлда, дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда WhatsApp, Instagram жана Facebook тиркемелеринин ишинде мүчүлүштүктөр жаралган. WhatsApp аркылуу сүрөт жүктөлбөй калса, Facebook менен Instagram тармактарына кирүү кыйындаган.

"Көйгөй чечилди. Тиркемелер 100 пайыз ишке кириши керек. Жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Баса, WhatsApp тиркемеси аркылуу алдамчылыктын жаңы түрү жайылып жатканын материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0