Токмоктогу тойдо ууланган 117 киши. Министрлик бейтаптардын абалы тууралуу

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя үйлөнүү үлпөтү учурунда болгон.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Токмоктогу "Мегаполис" кафесинен ууланып, ооруканага жаткырылгандардын саны 117 кишиге жеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова айтып берди.

Жабыркагандардын баары 29-июнда өткөн үйлөнүү үлпөтүндө болушкан. Алгач 67 кишинин ууланганы айтылса, кийин 104кө жеткен.

"Кечээ кечинде ооруканага тамак-аштан ууланды делип дагы 13 киши түштү. Алар дагы ошол тойго барышкан экен. Бейтаптардын абалы туруктуу, бактыга жараша, өтө оорлору жок. Эртең анализдердин жыйынтыгы чыгат. Дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарыла башташат", — деди Айгерчинова.

Уулануунун так себебин билүү үчүн тамак-аштын үлгүсү экспертизага жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0