БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын аймагында кыргыз, армян жана Россия номери менен жүргөн автоунаалардын жүрүшү чектелет. Бул туурасында Tengrinews басылмасы Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаевге таянып маалымдаган.
"Армения, Кыргызстан жана Россияга катталган автоунаалардын Казакстандын аймагына киргенден кийин жол эрежесин бузгандыгы боюнча даттануулар көп", — деп айткан казак министри.
Ал коңшу мамлекеттердин бул автокөлүктөрдүн ээлерине чара көрүүгө мүмкүн эместигин, себеби алар Казакстанда катталбагандыгын айткан.
Казакстандын административдик полиция комитетинен учурда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде каттоодо туруп, бирок Казакстандын аймагында көп убакыттан бери колдонулуп келе жаткан автоунааларды милдеттүү каттоого тургузуу маселеси талкууланып жаткандыгын айтышты. Аны бардык мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелер талкуулап жаткандыгы маалымдалган. Муну ишке ашыруу үчүн "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга кошумча жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы айтылды. Жогорудагы чечим кабыл алына турган болсо, ал Казакстандын парламентинин кароосуна киргизилиши тийиш.