Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын алдындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевский. Архив
Бишкек мэриясынын алдындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин анын УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы айтылган. Бүгүн сот башка чечим кабыл алды.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды.

Биринчи Май райондук сотунан маалымдашкандай, чечим тергөөчүнүн сунушунан кийин кабыл алынган. Петрушевский ден соолугуна байланыштуу эми 6-августка чейин үй камагында болмокчу.

Белгилей кетсек, Петрушевскийге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин ("Пайда көрүү максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде айып тагылып, 6-июнда колго түшүрүлгөн.

Алгач үй камагында болуп, 27-июнда соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Айыптын чоо-жайы

Арест подозреваемых в КР - Sputnik Кыргызстан
Батукаевден "рак" тапкан дарыгер үй камагына чыгарылганы айтылды
Петрушевский аталган борборду жетектеп турганда мыйзамсыз иштерге барган деп күнөөлөнүүдө.
Адвокаттардын айтымында, 2017-жылы энесинин туура эмес жашоо мүнөзүнөн жапа чеккен кичинекей балага бөлөк эле аял жардам бере баштайт. Петрушевский бала менен аялдын жолугуусуна уруксат берген. Аял балага камкорчу болуу ниетин билдирет. Дал ушул маалда баланын туугандары табылып, наристе эркинен тыш жакындарына берилет. Тергөөнүн иликтөөсү боюнча Петрушевскийдин буга укугу жок эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0