Премьер менен вице-премьерлер элди кабыл алат. Убакыт-сааты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар өкмөттүн административдик имаратынын биринчи кабатында жайгашкан 24-кабинетке бара алышат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри, вице-премьерлери жана өкмөттүн аппарат жетекчиси 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата жарандарды кабыл алат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандар өкмөттүн административдик имаратынын биринчи кабатында жайгашкан 24-кабинетке бара алышат.

Кабыл алуу графиги:

  • Премьер-министр — 23-июль, 27-август, 24-сентябрь, 22-октябрь, 26-ноябрь, 24-декабрь. Саат 17.00дөн 19.00гө чейин;
  • Биринчи вице-премьер — 17-июль, 21-август, 18-сентябрь, 16-октябрь, 20-ноябрь, 18-декабрь. Саат 17.00дөн 19.00гө чейин;
  • Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара мамилелери боюнча вице-премьер — 16-июль, 20-август, 17-сентябрь, 15-октябрь, 19-ноябрь, 17-декабрь. Саат 17.00дөн 19.00гө чейин;
  • Социалдык маселелер боюнча вице-премьер — 24-июль, 28-август, 25-сентябрь, 23-октябрь, 27-ноябрь, 25-декабрь. Саат 17.00дөн 19.00гө чейин;
  • Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер — 18-июль, 22-август, 19-сентябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 19-декабрь. Саат 17.00дөн 19.00гө чейин;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр — 25-июль, 29-август, 26-сентябрь, 24-октябрь, 28-ноябрь, 26-декабрь. Саат 17.00дөн 19.00гө чейин.
Жаңылыктар түрмөгү
0