Абылгазиев ИИМге нигериялыкты сабаган адамды тез арада табууну тапшырды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткан Нигерия жаранын өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүү Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектин чок ортосунан Нигериянын жаранын сабап кеткендерди табууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дөрдө ЦУМдун жанынан болгон. Чет элдик жаранды жанындагы киши бир чаап, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкон. Жабырлануучунун реанимацияда комада жатканы айтылган.

"Премьердин тапшырмасы боюнча чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзам жоопкерчилигине тартылышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Абылгазиев туристтик сезондун башталышында коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИМдин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын ишин күчөтүүнү тапшырган.

Мындан сырткары, жабыр тарткан Нигерия жаранын өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүү Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0