ШИИБ: жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок

Жазылуу
Учурда Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган жоон топ азыркы бийликтин аракеттерине нааразы экенин айтып, тынчтык митингин өткөрүүдө.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кадимки тартипте эле кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган жоон топ азыркы бийликтин аракеттерине нааразы экенин айтып, тынчтык митингин өткөрүүдө.

"Шаар тургундары менен коноктордун кооптонуусуна негиз жок. Шаардын аймагындагы абал ички иштер органдары тарабынан толук көзөмөлдө турат", — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ андан сырткары эгер жарандардын же балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса тезинен милиция кызматкерлерине, жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 номери аркылуу кайрылуу керектигин эскертет.

Тынчтык митингинин тексттик трансляциясын бул жактан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0