Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш иши сотко жиберилди

© Фото / секретариат СДПКИкрамжан Илмиянов. Архив
Икрамжан Илмиянов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкы башкармалыгы Икрамжан Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2019-жылдын 10-июнунда тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") боюнча кылмыш жасагандыгы аныкталган.

"Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш иштин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Илмиянов өткөн жылдын октябрында чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп шектелип, Москвадан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0