14:37 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив

Төрага жубайынын бизнеси тууралуу айтып берди

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул Оморов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
240710

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешке төрага болгондон бир жума өткөндөн кийин жубайы Бишкектеги компаниялардын бирине директор болгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жубайы учурунда дары-дармектерди дүңүнөн сатуу менен алектенгенин билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы спикерден сессиянын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында "Адатта аткаминерлердин декларацияда көрсөтүлбөгөн байлыктарынын баары жубайынын бизнеси аркылуу келген болуп чыгат. Сиздин жубайыңыз да бизнес менен алектенеби?" деп сураган. 

"Жубайымдын чакан ишканасы бар. Аны чоң деп айта албайм. Ал ишканасы жана башка бизге тиешелүү мүлк декларацияда көрсөтүлгөн", — деп жооп берди төрага.

Бирок кабарчы ал компания дары-дармектерди дүңүнөн сатуу менен алектенерин белгилеп кайра суроо узатканда, бүгүнкү күндө ал ишканасы жабылганын айтты.

"Анын товар айлантуусун эле карап көрсөңүз, ошон үчүн чакан деп жатам. Бирок бүгүнкү күндө ишти токтотуп койду. Чынын айтканда, ушундай сөздөрдөн алыс болоюн деди. Юридикалык жак катары катталып турат, бирок ишин токтоткон", — деди Жумабеков.

Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган документте Дастан Жумабековдун аялы Алина Кушубекова Фармацевтикалык товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген "Ал-Био фарм" ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн.

Мурда бул компаниянын төрт жетекчиси болгон. Алар: Чолпон Кыдырбекова, Чыңгыз Изабеков, Алина Кушубекова, Алмазбек Изабеков.

2017-жылдын 3-ноябрында кайра каттоо болуп, төраганын жубайы Алина Кушубекова директорлукту Алмазбек Изабековдон өткөрүп алган. Түптөөчү катары да Изабеков менен Кушубекова экөө эле калган. Белгилей кетсек, Дастан Жумабеков андан бир жума мурда, 25-октябрда төрага болуп шайланган.

Тема боюнча

ЖК төрагасы Жумабеков мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу айтты
Белгилер:
саясат, бизнес, жубайлар, Дастанбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ