Ысык-Көл районунда 30 окуу жай "Акылдуу мектеп" системасына өттү

© © SputnikЫсык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө
Ысык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми ата-энелер балдарынын мектептеги жетишкендиктерин интернет аркылуу көзөмөлдөй алат.

ЫСЫК-КӨЛ, 3-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

© © SputnikУчителя школ Иссык-Кульской области на презентации электронной системы
Ысык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ысык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө
© © SputnikУчителя школ Иссык-Кульской области на презентации электронной системы
2-июлда Ысык-Көл районундагы мектептердин директорлору менен мугалимдери үчүн атайын жыйын уюштурулуп, анда аталган система боюнча толук маалымат берилди - Sputnik Кыргызстан
2/4
2-июлда Ысык-Көл районундагы мектептердин директорлору менен мугалимдери үчүн атайын жыйын уюштурулуп, анда аталган система боюнча толук маалымат берилди
© © SputnikУчителя школ Иссык-Кульской области на презентации электронной системы
Система аркылуу окуучуга берилген үй тапшырмаларын, сабактардын расписаниесин жана электрондук журнал менен күндөлүктү көрүп турууга болот - Sputnik Кыргызстан
3/4
Система аркылуу окуучуга берилген үй тапшырмаларын, сабактардын расписаниесин жана электрондук журнал менен күндөлүктү көрүп турууга болот
© © SputnikУчителя школ Иссык-Кульской области на презентации электронной системы
Акылдуу мектеп долбоору россиялык Веб-мост компаниясы менен Москва шаарында өткөн Ысык-Көл форумунда район жетекчилиги тарабынан макулдашылып, ишке ашырылды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
"Акылдуу мектеп" долбоору россиялык "Веб-мост" компаниясы менен Москва шаарында өткөн "Ысык-Көл форумунда" район жетекчилиги тарабынан макулдашылып, ишке ашырылды.
1/4
Ысык-Көл районунун мектептери электрондук системага өтүүдө
2/4
2-июлда Ысык-Көл районундагы мектептердин директорлору менен мугалимдери үчүн атайын жыйын уюштурулуп, анда аталган система боюнча толук маалымат берилди
3/4
Система аркылуу окуучуга берилген үй тапшырмаларын, сабактардын расписаниесин жана электрондук журнал менен күндөлүктү көрүп турууга болот
4/4
"Акылдуу мектеп" долбоору россиялык "Веб-мост" компаниясы менен Москва шаарында өткөн "Ысык-Көл форумунда" район жетекчилиги тарабынан макулдашылып, ишке ашырылды.

Маалыматка ылайык, 2-июлда Ысык-Көл районундагы мектептердин директорлору менен мугалимдери үчүн атайын жыйын уюштурулуп, анда аталган система боюнча толук маалымат берилди.

"Бул системаны долбоордун негизинде киргизип жатабыз. Анын алкагында мектептеги мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланыш бекемдейт. Анткени окуучунун бардык жетишкендиктери тууралуу маалымат электрондук системага өтөт. Ата-энелер каалаган жеринен баласы тууралуу интернет аркылуу түздөн-түз маалымат ала алат", — деди Иманалиев.

Компьютерде иштеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт IT-адистигин тандаган абитуриенттерге гранттык орундарды көбөйттү
Система аркылуу окуучуга берилген үй тапшырмаларын, сабактардын расписаниесин жана электрондук журнал менен күндөлүктү көрүп турууга болот.

Иманалиев ошондой эле системанын чөнтөк телефонго ыңгайлашкан версиясы бар экенин айтып, аны уюлдук телефонго орнотуп алса болорун кошумчалады.

"Акылдуу мектеп" долбоору россиялык "Веб-мост" компаниясы менен Москва шаарында өткөн "Ысык-Көл форумунда" район жетекчилиги тарабынан макулдашылып, ишке ашырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0