Киндик эне, аяш эне, өкүл эне... Кыргыздагы апалардын түрү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген апалар. Архив
Улуттук кийим кийген апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли аялзатына, анын ичинде энеге өзгөчө мамиле жасап, алар коомдо үйдүн куту, тарбиянын башаты катары саналып келет. Ээлеген ордуна, жаш курагына жараша алар түрдүү макамга ээ.

Бул ирет "Тибиртке" рубрикасында энелерге байланышкан аталыштарды сунуштамакчыбыз.

Өз эне — баланы төрөп, тарбиялап чоңойткон аял;

Киндик эне — төрөлгөн баланын киндигин кескен аял, мурун экинчи эне катары саналып келген. Азыр бул милдетти ооруканадагы акушер-гинекологдор аткарат;

Чоң эне — уул-кыздардын атасынын энеси. Кыргыз үй-бүлөсүндө неберелер чоң эне деп кайрылып, алардын эрмеги болуп келет;

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Таене — кыздын балдары айта турчу сөз, ага таене деп кайрылат;

Кайнене — турмушка чыккан кыздын жолдошунун апасы же үйлөнгөн эркектин келинчегинин энеси. Келин, күйөө балдар сый-урмат иретинде кайнене, кайнатасын атынан айтпайт, "апа", "ата" деп кайрылат;

Өкүл эне — жаңы турмуш курган жаштар өкүл ата менен өкүл эне шайланат. Алар түгөйлөрдүн сырын угуп, акыл-насаат айтып, жол көргөзөт. Жубайлар ортосунда идиш-аяк кагышканда ата-энеге жеткирбей чечүүгө көмөктөшөт. Ошондуктан үлгүлүү, үй-бүлөлүү адамдарды тандашат. Өз кезегинде жаштар "ата", "апа" деп кайрылса, өкүлдөр аларды "уулум", "кызым" дейт;

Аяш эне — апасынын жакын курбулары, атасынын досторунун жубайлары. Уул-кыздар аларга ата-энесинин жакын санаалашы, замандашы катары мамиле кылып, сый-урмат көргөзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0