Көкөмеренге түшүп кеткен бүлө. Молдакун Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев. Архив
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгы кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери токтотулду. Куткаруучулар Кожомкул айылына түнөп калышканы айтылды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ат-Башыдан Суусамырга келе жатып Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаа ичиндеги үй ээси менен айдоочунун сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. Маалыматта унаа ичинде беш киши (үй ээси, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочу) болгону айтылган.

Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүп кеткен аткаминердин кызы элден жардам сурады. Кырсыктын чоо-жайы
Кийинчерээк кырсыктаган адам өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев экени аныкталган. Кызы Индиранын айтымында, атасы 28-июнь күнү Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жаткан.

Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен жардан ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткени айтылган.

Издөө иштерине 98 куткаруучу менен кырсыктаган бүлөнүн 20га чукул тууганы чыккан.

“Саат 17.20да Жумгалдын Арал айылынын тушунан айдоочунун, саат 20.00дөрдө андан 12 чакырым алыстыкта үй ээси - Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылды. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Абдылдаевдин кызы Индира издөө иштерине жардам берүүнү өтүнүп, элге кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0