Бишкектеги Панфилов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу эки тараптуу болот. Карта

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери 3-июлда башталат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Панфилов көчөсүндө жылуулук тармактарын оңдоо иштери аткарылат. Буга байланыштуу аталган көчөнүн бир бөлүгү убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынан билдиришти.

Ошондой эле Кулатов көчөсүнүн Панфилов менен Логвиненко көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү дагы оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

"Панфилов көчөсүнүн Лев Толстойдон Кулатовго чейинки бөлүгү унаалар үчүн убактылуу эки тараптуу болот", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0