Ысык-Көлдүн пляжында жүргөн бульдозер. Кыжыр кайнаткан видео

Жазылуу
Ролик дүйшөмбү күнү, 1-июлда тартылганы айтылды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында эл эс алып жүргөн пляжда бульдозер жүргөнү тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрлардан кичинекей балдар, чоң кишилердин кум үстүндө бараткан бульдозерден качып жүргөнүн көрүүгө болот. Элдин өмүрүнө кооптуулук жаратып, пляжда ээн-эркин жүргөн техникага жини келгендер да болгон.

Ал эми облустун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы аталган факты боюнча кайрылуу түшпөгөнүн, бирок жергиликтүү тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0