"Балага сүйүнчү" эми эки күндүн ичинде берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана упчу кармап турган адам. Архив
Акча жана упчу кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала төрөлгөндө бир жолу берилчү сүйүнчүнү алуу жеңилдеди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ымыркай төрөлгөндө бир жолу берилүүчү "балага сүйүнчүнүн" жол-жобосу 1-июлдан тарта жалпы республика боюнча жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты - инфографика - Sputnik Кыргызстан
Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты
Ага ылайык, эми документтердин бардыгы, тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Борбордук казыначылык жана банктар ортосундагы маалымат алмашуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Балага сүйүнчү алам дегендер эми банкка жеке эсеп ачуу үчүн кайрылбайт. Анткени банктар бул төлөмдөрдү аткаруу үчүн транзиттик банктык эсептерди ачат. Эми "балага сүйүнчүнү" банктын каалаган филиалынан, арыз жазган аймагына карабастан ала алат.

Арыз жазган кишиге банктагы эсепке акча түшкөнү боюнча смс билдирүү келет.

"Жаңы механизм бирдиктүү терезе принциби аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууну камсыздайт. Ошону менен катар убакытты үнөмдөп, арыз жазгандан тарта акча алганга чейинки учурду бир топ кыскартат. Эми "балага сүйүнчү" эки жумушчу күндүн ичинде жарандын эсебине которулат", — деп айтылат маалыматта.

Балалуу болгон үй-бүлө арызды Жарандык никени каттоо бөлүмдөрүнө (ЗАГС) же Калкты тейлөө борборуна жазса болот.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "Балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0