Путиндин термокружкасы Кытайда хитке айланды

© REUTERS / HANDOUTРоссиянын президенти Владимир Путин Японияда G20 саммитинде. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин Японияда G20 саммитинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Японияда G20 саммитиндеги атайын кабыл алуу учурунда башка лидерлерден айырмаланып өзүнүн кружкасы менен чай ичкен.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Владимир Путиндин Россиянын герби түшүрүлгөн термокружкасы ТаоВао интернет дүкөнүндө эң көп сатылып жаткан товарлардын катарына киргенин Global Times басылмасы жазды. 

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Японияда өткөн G20 саммитиндеги тамактануу учурунда башка лидерлерден айырмаланып өзүнүн кружкасы менен чай ичкен. Анын бул кадамы дүйнөлүк ЖМКлардын көңүлүн бурган.

Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Путин G20 лидерлеринин кечки тамагына өзүнүн кол термосу менен келди
​Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин термокружкадан чай ичкен.

G20 саммити Япониянын Осака шаарында 28-29-июнда өттү. Кийинки саммит 2020-жылы Сауд Аравияда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0