Кыргызстандын шаарларында жашагандар канча чарчы жерге ээ. График

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБатир. Архив
Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылдан тарта шаардыктар ээлик кылган турак-жайдын аянты азайып келе жатат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Шаардыктардын жашаган жери жыл сайын азайып бара жатканын Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргызстандын шаарларында жашагандардын турак-жайынын орточо көлөмү (чарчы метр менен)
Кыргызстандын шаарларында жашагандар канча чарчы жерге ээ. График - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында жашагандардын турак-жайынын орточо көлөмү (чарчы метр менен)

2018-жылдын аягына алынган маалымат боюнча, шаардык ар бир тургунга 14,1 чарчы метр туура келген. Эң начар абал 2005-жылга (13,9 чарчы метр) туура келет. Жакшы көрсөткүч 2010-жылы болгон. Бул жылы ар бир шаардыкка 23,2 чарчы метр туура келген.

Мындай көрсөткүч шаарларда батирлер менен үйлөр аз салына баштаганынан улам болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0