Аламүдүн дарыясына агып кеткен кишинин сөөгү табылды

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүСуучул. Архив
Суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-июнда кишини издөөгө 100дөн ашык тургун тартылган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кой-Таш айылындагы Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен 25 жаштагы кишинин сөөгү туугандары тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык 29-июнда болгон. Ал күнү издөө иштерине 15 куткаруучу тартылса, 30-июнда 100дөн ашык жергиликтүү тургун кошулган.

ӨКМдин берген маалыматына караганда, маркумдун сөөгү туугандары тарабынан саат 13:40тар чамасында кулаган жерден эки чакырым алыстыкта табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0