Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды

Жазылуу
Качып кеткен кишини кармоо үчүн "Перехват" планы жарыяланган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милициясы №5 шаардык милициянын бөлүмүнөн качып кеткен 26 жаштагы кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Буга чейин уурулукка шектелген Эрмек Бактияр уулу 27-июнь күнү №1 тергөө абагынан №5 шаардык милицияга тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып келинген. Бирок саат 15.00дөр чамасында ал качып кетүүгө үлгүргөн. Мындан улам "Перехват" планы жарыяланган.

"Качып кеткен киши 1-июлга караган түнү "Ош" базарынын аймагынан кармалды", — дешти милициядан.

Качуу фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 349-беренеси боюнча каттоого алынды. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0