Боомдогу граффитини боёп салгандар эмне болот? Милициянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы бетон тосмодогу граффити. Архив
Боом капчыгайындагы бетон тосмодогу граффити. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боом капчыгайындагы граффити 2015-жылы тартылган. Андан бери активисттер аны өчүрүүгө бир нече жолу аракеттерди көргөн.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Боом капчыгайындагы бетон тосмодогу граффитини көк боёк менен боёп салгандар боюнча милицияга эч кандай арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИББдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, өздөрүн жарандык активистпиз деп атагандар Боом капчыгайында балбал таштын, манасчы Саякбай Каралаевдин жана ак илбирстин элеси түшүрүлгөн граффитини боёп салышкан.

"Кутман күн туугандар! Үч күндөн бери алышкан Боом капчыгайдагы жумушубуз толугу менен бүттү. Өз демилгебиз менен, өз күчүбүз менен сырдап чыктык. Краска чыгымдары 20 000 сом болду. Аянты 780 кв. метр экен", — деп Мирлан Атакозу-теги аттуу жаран Facebook баракчасына 28-июнда жазып, сүрөт, видеолорду чыгарган.

Усубакунов эгер аларга арыз менен кайрылуу болсо мыйзам боюнча чара көрүлөрүн кошумчалады.

"Бизге расмий арыз түшкөн эмес. Бирок социалдык тармактарга жана ЖМКларга чыккан материалдардын негизинде фактыны каттап, териштирүү жүргүзөбүз", — деди ал.

Эске салсак, граффити тартылган бетон тосмолор "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасына тийиштүү. Мекеменин маалымат катчысы Эркин Каимов дубалдарды алар карабай турганын айтты.

Омск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk - Sputnik Кыргызстан
Россиялык сүрөтчү Кыргызстанга келип дагы бир Манасты тартууга даяр
"Ооба, бетондор бизге тиешелүү. Аларга сүрөт же башка нерселерди тартууга уруксат берип же бербей коё албайбыз. Алар көчөдөгү эле дубалга тартып жатат да. Бир сөз менен айтканда, биз аларды кайтарууга алган эмеспиз. Ошол үчүн жоопкерчиликти ала албайбыз, комментарий да бере албайбыз", — деди Каимов.

Боом капчыгайындагы бетон дубалдарга граффити 2015-жылы тартылган. Ошол кезде да айрым активисттер бул сүрөттөр кыргыздын дүйнө таанымына туура келбейт деген жүйө менен август айынын башында сүрөттөрдү үстүнөн боёшкон.

Талаш жараткан сүрөттүн авторлору Сергей Киллер жана Дмитрий Петровскийдин айтымында, бул сүрөт 2015-жылы жай айынын ортосунда basicolors көчө-фестивалынын алкагында тартылган. Сүрөтчүлөр бул иш-чарага аны уюштурган Виктор Цойдун чакыруусу менен катышкан. 100 метрлик дубалга Кыргызстандан жана Германиядан келген ондон ашык сүрөтчү сүрөт тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0