Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө — адамдын жашоосундагы таянаар тоосу. Ысыгыбызды дагы, суугубузду дагы көтөрөөр адамдар — ата-эне, бир тууган, сүйгөн жар жана бала. Жердин түбүнө барсак дагы кайтып келер жай — алар менен бирге жашаган үй.

Ошол үйдөгү гармонияны сактоо чоң эмгекти талап кылат. Этикет мугалими Нуржан Исмаилованын айтымында, үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине болгон урмат-сыйын арттыруу үчүн үйдөгү жүрүм-турум этикасын өздөштүрүп алганы ашыкча болбойт.

Таза жана тыкан кийим

Кийимдин үй-бүлөдөгү мамилеге эмне тиешеси бар деген суроо пайда болушу мүмкүн. Бирок мунун ролу абдан чоң. Өзгөчө аял киши үйдөмүн деп эскилиги жеткен, чоюлган кийимди кийгенди токтотушу керек. Бул нерсе өзүн гана эмес, үйдөгүлөрдү дагы сыйлабастыкка жатат. Экинчиден, бала өмүр бою энесинен үлгү алат.

Эркелеткен аттар "үйдөн" чыкпасын

Ар бир үйдө балдарды "күчүгүм", "мышыгым" деп же атын кыскартып эркелетебиз. Атургай жубайлар бири-бирин "өзгөчө" ысымдар менен атап алышат. Албетте, бул жакшы нерсе, буга эч ким тыюу салбайт, бирок бул аттар босогодон ары чыкпай эле койгону жакшы. Ошондой эле үйгө конок келгенде бири-бириңерди толук ысымыңар менен атаганыңар туура. Эркелеткен аттар өзүңөр үчүн кымбат.

Ата — үлгү!

Традиции по приему гостей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Чай ичпей калдым деп таарынба... Өлгөнгө баруу этикети
Ата кыз бала үчүн дагы, уул үчүн дагы өмүр бою идеал бойдон калуусу керек. Психологдордун айтымында, балага энесин эч качан ыйлатпаган ата ар дайым баатырдай көрүнөт. Андыктан эркек аялын, өзгөчө балдардын көзүнчө сыйлап, эркелетип, жардам берип турганы жакшы. Ошондой эле маал-маалы менен аялдын көңүлүн көтөрө турган майда-чүйдө белектер дагы жашоону кооздойт. Аны көргөн эркек бала да жигиттик сапаттар, кызда болочоктогу жолдошун тандоодо койчу талаптар калыптанат.

Ата сөзү — ок

Ата үйдө баланын кемчилиги тууралуу сөз болуп жатканда, оор басырыктуу болуп, өтө олуттуу учурда гана өз оюн айтканы жакшы. Ошондо анын сөзү салмактуу болуп, балдарынын алдында кадыры артат.

Туугандар менен тааныштыруу

Туугандар айлап-жылдап көрүшпөй калган азыркы заманда балдарга, үй-бүлөгө жаңы мүчө болуп кошулган келинге алыскы туугандар тууралуу айтып, мүмкүнчүлүк болгон жерден тааныштыра жүрүү керек.

Ишеним

Кол алышып жаткан офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өөп-жыттап жибербе! Кеңседе конок тосуу этикети
Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине болгон ишенимин бардык нерседен өйдө коюшу шарт. Аялы күйөөсүнөн же ата-эне баладан күмөн санаса алгач ар дайым өзү менен түз сүйлөшүү керек. Үй ичиндеги маселеге сырттан бирөөнү кийлигиштирбей эле койгон туура. Ошондой эле үйдөгүлөрдүн бири-биринин электрондук почтасын, смс-билдирүүлөрүн, мессенджерлерин текшербей эле койгону дурус.

Бөлөк бирөөнүн көзүнчө урушпа

Эч убакта үйдөгүлөр бөтөн адамдын көзүнчө бири-бири менен урушуп же бири экинчисин келекелебеши керек.

Милдет

Үй-бүлөдө ар кимдин өз милдети бар. Аны адам баласы эс тарта баштаганда эле түшүнөт. Мисалы, аял кишиники үй ичиндеги тазалык, ашкана, эркектики мал, короо-жай, темир-тезек дегендей... Албетте, мүмкүнчүлүк болгондо милдеттерди чогуу же бирөөнүн ордуна аткарып койсо дагы ашыкча болбойт. Бирок баланс сакталыш үчүн ар ким өзүнүн ишин кылганы дурус.

Эс алуу

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өз кызыкчылыгына жараша достору жана жакын деп санаган адамдары менен убакыт өткөрүп, көңүл ачууга укуктуу. Бул шартты бузбай, бири-бириңердин "жеке" убактыңарды уурдабаганга аракет кылгыла!

Жаңылыктар түрмөгү
0