13:55 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Лор врач. Архивдик сүрөт

Мурдуңарды коркпой тештире бергиле, гайморит өнөкөт болбойт! Дарыгердин маеги

© Sputnik / Иван Макеев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1248 0 0

Жолчубек Жумабеков Бишкектеги улуттук госпиталдын кулак-мурун-тамак (ЛОР) бөлүмүнүн башчысы, жогорку деңгээлдеги дарыгер. Ал күн сайын ондогон бейтаптарды кабыл алат.

Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине бир катар оорулар тууралуу айтып берди.

— Бүгүн канча бейтапты кабыл алдыңыз?

— Бизде кишинин саны үзүлбөйт. Улуттук госпиталдын иш тартиби боюнча эртең мененки жети жарымдан түшкү экиге чейин иштейбиз. Кээде операцияларга карап бейтапканада нормадан көп жүрүп калабыз. Бүгүн, мисалы, 15тей кишини кабыл алып, бир кишиге операция жасаганга жетиштим. 

Врач, ЛОР национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жолчубек Жумабеков Бишкектеги улуттук госпиталдын кулак-мурун-тамак (ЛОР) бөлүмүнүн башчысы, жогорку деңгээлдеги дарыгер

— Бейтаптар кайсы оорулар менен көбүрөөк кайрылып жатышат?

— Кулак-мурун-тамак ооруларынын сезгениши дайыма болуп турат. Үчөөнү отуз пайыздан бөлөт элем. Кийинки учурда жаракаттар менен көп кайрылып жатышат. Өзгөчө жаш муун түшүнбөстүктөн, мастыктан улам мушташып, ок тийип, бычак жеп келишет. Карап отуруп, коомдо агрессия күчөдүбү деп калабыз. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жана спорттон жаракат алгандар дайыма болуп турат.

— Мушташып келгендер чоо-жайын дароо айта калбаса керек?

— Биз биринчи кезекте кайрылгандардын ден соолугуна көңүл бурабыз. Иш менен жүрүп психолог болуп каласың. Тышынан карап абалын билип алабыз. Оорусунан башка деле ашыкча нерсе сурабайбыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Ички иштер министрлигинин ортосунда ооруканага түшкөндөр боюнча кабар берип турууга келишим бар. Чоо-жайы менен алар алектенет.

— Кулак-мурун-тамак ооруларын аныктоодо кыргыз медицинасынын күчү толук жетип жатабы?

— Илим менен техниканын келечеги чоң. Улам бир жаңы ыкмасы чыгып жатат. Бизде өтө заманбап техникалар колдонулбаса дагы бардык ооруларды айыктырууда тийиштүү жабдыктарыбыз бар. Иш билги дарыгерлер жетиштүү.

Болгону аймактарда ЛОР адистери жетпей жатат. Ооруну эрте жана үнөмдүү айыктыруу үчүн жеринде ак халатчандар иш алып барышы керек. Көбү айлык аз деп барбайт. 

Врач, лор национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков
© Фото / Нурсултан Жумабеков
Жумабеков күн сайын ондогон бейтаптарды кабыл алат

— Медицина кызматкерлеринин айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Ушундай шартта дарыгерлерди ишинде эмне кармап турат?

— Медиктер окуу жайда 7-8 жыл билим алышат, тажрыйбалуу дарыгер болуу үчүн дагы он жылдан ашык убактысын жумшашат. Мындай караганда өмүрүнүн баары эле үйрөнүүгө кетип калгандай. Мен, мисалы, бейтаптарды дарылагандан башка иш кылган жокмун. Жумушка берилгендик, сүйүү деген нерселер кармап турса керек. Дарыгердик менен мугалимдик ыйык кесип, бирок айлыгы аз.

— Жумушуңузда кол шилтеп калган учурлар болгонбу?

— Кээде операциялар ойдогудай болбой калат. Аны жумушта боло турчу нерсе катары кабыл алам. Кыйын кырдаалда кесиптештер жардамга келет. Бизде 80-90 жаштагы профессорлор иш алып барат. Түндө чакыртсаң дагы баш тартпай келишет. Бейтап үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Айыгып кетсе маңдайыбыз жарык, ден соолугу артка кетсе кошо кейийбиз. Мунун айынан баш чайкап, чылым түтөткөн кесиптештеримди да көрүп жүрөм.

— Сиз үчүн эң кыйын операция кайсы болду?

— Мындан 15 жыл мурда Таластагы аскер бөлүгүнөн кызыл өңгөчү үзүлүп, моюнунан ылдый ириңдеп кеткен баланы түнкү 11де алып келишти. Үч хирург операцияга кириштик. Түндө ардагер хирургдардын бирин чакыртканбыз. Оору менен таңкы саат 4-5терге чейин алыштык. Бала 48 күндө үйүнө жакшы болуп чыгып кетти. Бул абдан жакшы учур болгон.

Кээде миң аракет кылганыңа карабай ишиң кайгылуу аяктайт. Бир ирет Санкт-Петербургдан бери кызыл өңгөчү ичкерип кеткен баланы алып келишти. Абалы өтө эле начар болчу. Эжесине "кепилдик бере албайбыз" дегенбиз. Сактай алган жокпуз. 

Врач, ЛОР национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жумабеков: кулак-мурун-тамак ооруларына олуттуу мамиле кылуу керек. Өзгөчө сасык тумоо илдеттердин башаты

— Негизи сиздердин кесип менен элдик медицинанын айырмасы асман менен жер. Бирок айрым учурда кулагы ооруса талканды ысытып басып, гайморитте чөп дарыларды колдонгондор бар. Кээде бул ыкмалар дагы жардам берет деп айтып жүрүшөт...

— Кулак ооруларына ысык компресстерди басып жүрөбүз. Айрым адамдар ушул ыкманы туурап жатса керек. Бирок муну өз жолу менен кылбаса кооптуу. Ысык ириңди ого бетер күчөтүп жибериши ыктымал.

Көптөр гайморитке кабылганда пункция жасатуудан качып, ар кандай ыкманы издейт. Пункцияда мурун көңдөйүн медициналык ийне аркылуу тешип, ириңди алып чыгабыз. Көбү "бул ыкмадан кийин оорум өнөкөт болуп кетет турбайбы, кайра-кайра тештирип калам" деп ойлошот. Бирок бул жаңылыштык, коркпош керек. Пункция гаймориттен арылуунун натыйжалуу жолдорунун бири. Гайморитти убагында дарылабаса көздү жана мээни жабыркатат.

— Бейтапканадан мурдунан кан токтобой, чүпүрөк ороп жүргөн оорулууларды көргөм. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?

— Мурундан кан агуусу кайсы бир оорунун белгиси. Жаракат алганда, кан басым көтөрүлгөндө, мурундун ичине эт өсүп, былжыр чели кургап кеткенде, же башка себептерден улам канап кетет. Биз кан агууну токтотконго жардам беребиз дагы, тиешелүү дарыгерлерге жөнөтөбүз. 

Врач, лор национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков
© Фото / Нурсултан Жумабеков
Жумабеков: мурундан кан агуусу кайсы бир оорунун белгиси

— Кулак оорусу менен жабыркагандар дагы көп экенин байкадым.

— Ооба, андай бейтаптар чындыгында көп. Сасык тумоо өтүшүп кеткенде, кулакка суук тийгенде, кан басым түшүп кеткенде жана башка себептерден улам жакшы укпай калышат. Кулак оорусун баштапкы 2-3 күндө жакшы дарылабаса нервдер калыбына келбей калат дагы, угуу начарлайт. Анан аппарат тагынууга туура келет.

— Бейтаптарга эмне деп айткыңыз келет?

— Кулак-мурун-тамак ооруларына олуттуу мамиле кылуу керек. Өзгөчө "сасык тумоо өтүшүп кеткени менен кооптуу" деп коюшат. Ал көп илдеттин башаты. Жылына эки жолу жөн гана доктурга көрүнүп коюу ашыктык кылбайт. Бардык оору дарыгерлердин кеңеши менен айыгышы керек.

Тема боюнча

Аборттон ичеги-карды чубалган кызды көрүп үрөй учту. Дарыгер менен маек
Аялым "мени же кинону танда" деди... Тасма тарткан дарыгер Аджибаев менен маек
Белгилер:
маек, оору, тамак, мурун, кулак, дарыгер, Жолчубек Жумабеков, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ