Салянова ооруканадан тергөө абагына которулду

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунан №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, Салянованын абалы жакшырып, 29-июнда которулган.

Аресты в  КР - Sputnik Кыргызстан
Салянованын инисинин өлүмү: ИИМ саясий өңүт болушу мүмкүндүгүн айтты
Мурдагы башкы прокурор 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер консилиумдан кийин Салянова ооруканада болушу керек деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын аныкташкан.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында 5-июнда №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин №1 тергөө абагында калтырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0