Бүлөлүү эркектен боюмда болуп калды… Алданган кыздын каты

© AFP / LOIC VENANCEКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында бүлөлүү кишиден боюна бүтүп калган кыздын каты жарыяланды.

Жашым 23тө. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирин ушул эле жылы аяктагам. Турмушка чыкчу маалымда бүлөлүү эркектен боюма бүтүп калып, азыр эмне кылар айламды таппай жүргөн убагым...

Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан
Карыганда күйөөм кызганып, балдардын ДНКсын текшертти. Айласы кеткен аялдын каты
Окуяны башынан айтып берейин. Кичинемен эле чыйрак өстүм. Атам жок, апам төрт баланы жалгыз тарбиялады. Апама күч болбой жогорку окуу жайдын экономика факультетине өз күчүм менен өттүм. Окуу акысын төлөш үчүн 1-курстан баштап эле иштеп баштагам. Кафе-ресторандарда башында официант болуп иштеп жүрүп, кийин администраторлукка чейин жеттим. Айтор, баары жакшы болчу.

Кафеге көп эле киши келчү. Алардын ичинде кыздардын баарына жаккан бир туруктуу кардарыбыз бар эле. Жүрүм-туруму, сырткы келбети, айтор, баары идеалдуу көрүнчү.

Администратор катары аны менен саламдашып, кээде сүйлөшүп калчубуз. Чынын айтсам, мага да жакчу. Бир күнү биздин кафеге теңтуштарын тосту, жалгыз эле. Биз болсо болгон аракетибиз менен дасторконун жайнатып, айтор, меймандарын жакшы узаттык. Ыраазы болгон кардар мени чайга чакырды. Экөөбүздүн мамиле ошондон кийин жакшы болуп кетти. Телефон менен сүйлөшүп, кечкисин кезигип, айтор, кыз-жигиттей эле болуп калдык. Баса, анын жашы 30га чамалап калган, мамлекеттик кызматта иштечү. Төрт айга чейин сүйлөштүк. Жасаган мамилеси аябай жакчу. Оор басырыктуу адам болгондуктан, мени алдап жүрөт деп такыр ойлобоптурмун. Жактырып калганын, жакшы кыз экенимди көп айтар эле.

Акылдан адашып сүйүп калганда баягы адамыман дайын жок болуп кетти. Телефонуна эки-үч жолу чалдым, алган жок. Бирок артынан түшүп издеген жокмун.

Арест предполагаемых секс-работниц в Китае - Sputnik Кыргызстан
Өз ата-энем башка экен... Бакма экенин 20 жылдан кийин билген кыздын каты
Бир күнү чогуу иштеген кыздарымдын бири ал адамдын үй-бүлөсү бар экенин айтып келди. Балдары, жубайы менен жүргөнүн айтып, балдар "аталап" жатканын уктум деди. Ишенген жокмун, ишенгим да келген жок. Үй-бүлөлүү эркектер төрт айдын ичинде билинип калат го. Тиги адам шек да алдырган эмес, колунда да нике шакеги жок, соцтармакта жалаң өзүнүн жалгыз түшкөн сүрөттөрү эле болчу. Албетте, ичим ачышты, өзүмдү бүлөлүү эркек менен жүргөнүм үчүн күнөөлөдүм, жемеледим. Көп өтпөй алым кетип, көңүлүм айланганынан дарыгерге барсам кош бойлуу экенимди айтышты. Боюмда бар экенин өзүмөн башка эч ким билбейт. Бир айга чукулдап калыптыр. Апама кантип айтарымды билбей башым маң. Ал менден көптү үмүт кылчу эле. Эми эл караган бетин жер каратканы калдым окшойт... Баланын атасына бул тууралуу айткым келген жок. Бөөдө жерден бүлөсүн бузуп албасам экен дейм. Алдырып салсамбы дейм, андан да корком. Айтор, эки анжы жолдо калдым. Кеңеш бериңиздерчи...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Азыр көп кыздар "сүйүп калдым" деп жалган сезимге алданып, жаңылыштык кетирип алып жатышат. Үй-бүлөлүү адам эмес, бойдок балдар менен сүйлөшкөндө деле алгач алар менен дос, сырдаш болуп анан сүйүш керек. Кыздарга ачылбаган китептей кызык болгула деп кеңеш берет элем.

Болоору болду деңизчи, бирок эсте болгону жакшы. Айрымдар үй-бүлөсү жок туруп деле таштап кетип жатат.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу кезимде башкага үйлөнгөн күйөөм эми кызды талашууда. Аялдын каты
Кат жазган кызга айтарым, бүлөсү бар экен деп бирөөнүн айтымына таянып чечим чыгарбаш керек. Чын-төгүнүн ал адамдын өз оозунан укса башка маселе болмок. Кандай болгон учурда да бири-бириңерден качпай бул маселени ачык сүйлөшүп алгыла. Анткени, биринчиден, андан кош бойлуу экенсиз. Ал анын дагы баласы. Түйүлдүктү жалгыз жасап алган жоксуз. Издеп таап, бир ооз сүйлөшүңүз. Үй-бүлөсүн бузгандай сиз анын катын-балалуу экенин билген эмессиз да. Аны менен сүйлөшсөңүз эле бүлөсү бузулуп калбайт. Эгер чындап эле түшүнүктүү, зирек болсо, ал да жөндүү бир нерсе айтар. Абалын түшүндүрөт. Балким, баары сиз ойлогондон башкачадыр...

Экинчиден, кош бойлуу экениңизди апаңызга айтыңыз. Эне да баарын түшүнөт. Эгер дени сак бала төрөйм десеңиз ыйлап, депрессияга түшүүнүн кажети жок. Чыйрак, күчтүү кызмын деп жатасыз. Андай экениңизди бул кырдаалда да көрсөтүңүз. Бирок абалдан жалгыз эмес, жакындарыңыздын, күчтүү психологдордун жардамы менен чыгышыңыз керек. Кийин өкүнүп, бармагыңызды тиштеп калбагыдай чечим чыгарыңыз. Баланы алдырып салам же кийин төрөп башкага берем деп эч убакта шашылыш чечим чыгарбаңыз. Адам өзүн өзү көтөрмөлөп, сыйлап, ойломоюнча башкалар көтөрмөлөбөйт. Баланын эч убакта зыяны тийбейт. Ошол себептен өзүңүз менен өзүңүз алышып, кыжалат болуп отура бергенден көрө апаңызга ачык айтып, тиги адамды тезинен таап, болгон нерсени бетме-бет отуруп сүйлөшүп алгыла деп кеңеш берем.

Жаңылыктар түрмөгү
0