Алагушев 81 жашында дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное возложение цветов к памятнику блокадникам в парке Победы имени Даира Асанова
Торжественное возложение цветов к памятнику блокадникам в парке Победы имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өмүрүнүн көбүн илимге арнаган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Легендарлуу парламенттин депутаты, айыл чарба илими боюнча доктор Кыргызбай Алагушев каза тапты. Бул туурасында Кыргыз агрардык университетинен кабарлашты.

Алагушев бүгүн дүйнөдөн кайткан.

Кыргызбай Алагушев Жети-Өгүз районундагы Светлая-Поляна айылында 1938-жылы туулган.

Ал Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн соң ассистент, улук окутуучу, кафедра башчысы, декан, проректор жана ректор болуп эмгектенген. Билим берүүнүн мыктысы наамын алган.

Алагушев менен коштошуу аталган окуу жайда эртең саат 10:00дө болот.

Ал Кыргыз ССРинин XII чакырылышынын – "легендарлуу парламенттин" депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0