Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга ошондой эле Капиталдык курулуш башкармалыгынын, "Бишкек жылуулук тармактары" ААКсынын, "Чайна Роуд" подрядчы компаниясынын жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек жетекчисинин орун басары Уланбек Азыгалиев кызматкерлерге "Восток" жылуулук тармагы реконструкцияланып жаткан Лев Толстой көчөсүндө көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга ошондой эле Капиталдык курулуш башкармалыгынын, "Бишкек жылуулук тармактары" ААКсынын, "Чайна Роуд" подрядчы компаниясынын жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Выезд на ипподром Ак-Кула мэра Бишкека Азиза Суракматова - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектеги паркты жаңылайт
Вице-мэр оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, көйгөйлөрдөн кабар алды.

Кытай каржылап жаткан "Бишкек шаарында жолдорду куруу" долбоорунун алкагында Лев Толстой көчөсүнүн уландысы 7-Апрелден тарта Ауэзов көчөсүнө чейин созулмак. Аны былтыр бүтүрүү пландалып жаткан. Бирок ошол аймактагы жылуулук тармактарын ремонттоого "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын акчасы жок болгондуктан, иш токтотулган. Бирок мекеме Россия-Кыргыз өнүгүү фондусунан алган каражаттын жардамы менен ремонт иштерин баштады.

Эске салсак, ушундай эле жыйындарды мэр Суракматов өзү өткөрүп жүрөт. Ал шаршемби сайын кол алдындагыларды чогултуп, Бишкектин көйгөйлүү аймактарын кыдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0