Чүй милициясы башаламандыкка даярданып жатабы? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында тарапташтары чогулганы айтылган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Чүй облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

ОИИБ айрым ЖМКларга чыккан "милиционерлер боло турчу башаламандыкка даярданып жатат" деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

"Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын аймагында жайгашкан Беш-Күнгөйдөгү милиция бөлүмү да кадимки тартипте иштөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында тарапташтары чогулганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0