Мамкаттоо айдоочулук күбөлүк берүү мөөнөтүн беш күнгө узартууну сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековВодительские права гражданина КР
Водительские права гражданина КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадам бир катар көйгөйдү чечет деген ишеним айтылды.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк берүүнүн мөөнөтүн бир күндөн беш күнгө чейин узартууну сунуштап жатат. Ведомство бир катар чечимге өзгөртүүлөрдү киргизип, өкмөттүн токтом долбоорун даярдады. Ал өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлган.

Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кезек болбойт дейт. Бишкектеги калкты тейлөө борборлору жаңыча иштей баштады
Мамкаттоо улуттук үлгүдөгү күбөлүк "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактардагы бөлүмдөрүндө персонификацияланарын эскертет. Бул сапатты көзөмөлдөөнү, маалыматтын тактыгын текшерүүнү кыйындатып, документтин эсебин алууга жолтоо кылат. Мындан тышкары, негиздемеде коррупциялык схемаларга да жол берилиши ыктымалдыгы белгиленген.

"Бул көйгөйлөрдү чечип, адам факторун кыскартуу үчүн айдоочулук күбөлүктү даярдоону борборлоштурулган форматка өткөрүү зарыл. Ошондуктан документти берүүнүн мөөнөтүн бир күндөн беш күнгө чейин узартуу сунушталууда", — деп айтылат маалыматта.

Ал арада ушу тапта айдоочулук күбөлүк атайын бланктарда эмес, жөнөкөй кагазга басылып берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0