Оштун базарынан алынган резинадай чоюлчаак, сүйрү дарбыз. Видеонун чоо-жайы

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүДарбыз. Архив
Дарбыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернеттеги видеодон колдогу дарбыз эзилбей эле килкилдеп чоюлуп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда ырчы, тамада Кутман Султановдун Ош шаарындагы базардан сатып алган ичи кочкул кызыл, чоюлчаак дарбызынын видеосу тараган.

Кутман Султановдун өзү менен байланышып, тасманын чоо-жайын сураштырдык. Ырчы дарбыздын видеосун жөнөтүп, комментарий берди.

Анын айтымында, 22-июнда Ош шаарындагы базарлардан сырттан келген үч дарбыз сатып алган.

"Дарбызды кескенибизде ичи бир башкача кызыл, кочкул экен. Жегенде даамы жок, кычкыл тартып турду. Дарбызды мыжыкканыбызда эзилип калбай, килкилдеп, резинкага окшоп чоюлганын көрдүк. Майдаланып калган жок. Жарым сааттан кийин дарбыз кан куюп койгондон кыпкызыл болуп калды. Тасмалга мөмөнүн суусу боёк сыяктуу сиңип кетти. Үч дарбыздын экөө тең ушундай болду. Базардагы дарбыздардын бардыгы сүйрү келип, өңү, көлөмү бири-бирине окшош эле", — деди Султанов.

Ал видеону социалдык тармактарга "дарбыз дарыга бышышы мүмкүн, этияттагыла" деп элди саксактоо максатта жүктөгөнүн белгиледи. Эртеси дарбыздын сатуучусуна барып ордунан таппай койгонун, бирок тиешелүү органдарга кайрылбаганын кошумчалады.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Сүйүнбай Абдуллаев үч жума мурда эле базардагы жер-жемиштердин нитраты (туз жана азот кислотасынын эфири — ред.) текшерилгенин айтып берди.

Рынок в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Оштогу резина жумуртка: жабырлануучу кайсы органга кайрылышы керек
"Түштүктүн климатында дарбыз, коондун быша турчу убагы келе элек. Алар шаарга сырттан алып келиниши мүмкүн. Бирок башка жактан алып келинген деген документти азыр көрө элекпиз. Үч жумадан бери жер-жемиштердин нитраты текшерилип жатат. Видеодогу дарбыздын дагы нитраты, тагыраагы, бат бышыруу үчүн колдонулган дарылары көп болушу мүмкүн. Мындай жемиштер көпкө сакталбайт", — деди Абдуллаев.

Ал учурда сатуучуларга жана ишкерлердин үстүнөн тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой керектөөчүлөргө дагы этияттыкты сактоо боюнча түшүндүрүү аракеттери болуп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, Ош шаардык ветеринардык инспекциянын жетекчиси сатып алуучуларга Кыргызстандын коон, дарбызы бышкыча бир ай күтө турууну сунуштады. Анын айтымында, бул, биринчиден, үнөмдүү, экинчиден, ден соолукка зыянын тийгизбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0