Өлкө мектептеринде англис тили көбүрөөк окутулмай болду

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүУрок английского языка в средней школе
Урок английского языка в средней школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри англис тилчи мугалимдердин конференциясына катышты.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги англис тилин окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн окуу планын өзгөрттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева англис тилчи мугалимдердин конференциясында сөз сүйлөдү.

"Тилдин грамматикасына эмес, пикир алышуу жөндөмүн арттырууга артыкчылык берилет. Башкача айтканда, окуучулар биринчи кезекте пикир алыша тургандай болушу керек, ал эми грамматика туура сүйлөө менен туура жазууну үйрөнүүнү өбөлгөлөөчү шарт катары зарыл", — деди Кудайбердиева.

Министрлик англис тилин окутууга бөлүнгөн сааттардын санын көбөйткөн. Мында 5-класстын окуучулары бир жумада беш саат, 6-класстагылар төрт, 7-класстагылар үч саат англис тилин үйрөнмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0