Бишкекке Оштон кошумча аскер күчү келдиби? УКМКнын жообу

Жазылуу
Комитет жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. УКМКнын Ош аймагы боюнча башкармалыгынын атайын даярдыктагы жоокерлери Бишкекке жөнөтүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМК атайын даярдыктагы аскерлердин катышуусунда эч кандай операция жүргүзгөн жок.

"Социалдык тармактарга жарыяланган мындай маалыматтар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу үчүн таратылууда деп баалайт. Учурда билдирүүнү жазгандар изделүүдө", — дешти органдан.

УКМК жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0