18:37 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылып ишке берилди

Оштун Кара-Суусунда мигранттар үчүн ресурстук борбор иштей баштады

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
5510

Борборго кайрылгандар жумушка орношуу, адам сатууга каршы жана миграциялык коопсуздук боюнча суроолорго адистерден жооп ала алышат.

ОШ, 26-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылып ишке берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Открытие ресурсного центра в селе Кызыл-Кыштак Кара-Суйского района
    Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылып ишке берилди
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Открытие ресурсного центра в селе Кызыл-Кыштак Кара-Суйского района
    Маалыматка ылайык, мигранттар үчүн ресурстук борбор Миграция боюнча эл аралык уюмдун демилгеси менен пилоттук негизде Ош облусунун Кара-Суу району жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ачылды.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылып ишке берилди

Маалыматка ылайык, мигранттар үчүн ресурстук борбор Миграция боюнча эл аралык уюмдун демилгеси менен пилоттук негизде Ош облусунун Кара-Суу району жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ачылды.

Максаты миграциялык коопсуздукту камсыздоо боюнча мигранттарга укуктук жактан кеп-кеңеш берүү жана адам сатууга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Борборго кайрылгандар социалдык кызматтар туурасында, жумушка орношуу, адам сатууга каршы жана миграциялык коопсуздук боюнча суроолорго адистерден жооп ала алышат.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстандын 750 миңдей жараны чет өлкөдө расмий каттоого алынган. Алардын 640 миңи Россияда иштешет.

Тема боюнча

РФтен акча которууга чектөө коюлду. Абал кыргызстандыктарга кандай таасир этет
Белгилер:
кызмат, Кара-Суу шаары, миграция

ЭҢ МААНИЛҮҮ