Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу жасалып, тургундарга бекер таратылат

© Фото / Азамат АйтбаевАшлям-фу. Архив
Ашлям-фу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар 1-июлда 150 жылдыгын белгилейт.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Караколдо салтка айланган ашлям-фу тамагын 1,5 тонна даярдап, тургундарга бекер таратуу пландалып жатат.

Шаардын мэриясынын маалымат кызматы Facebook баракчасына 1-июлда Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта калаанын майрамы өтө турганын кабарлаган.

Иш-чаранын алкагында ашлям-фу фестивалы болору айтылат.

"Гиннес, жаңы рекордду каттоого камына бер. 1,5 тонна даярдайбыз, андан да бир аз көп болушу мүмкүн. Баарына жетет", — деп жазылат маалыматта.

Шаар тургундарынын белгилүү кыргызстандык ырчылардын коштоосунда гала-концертке күбө болору кошумчаланган. Караколго 150 жыл толуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0