Ош: жарылуу болгон май куюучу жай кайра иштедиби? Нааразылык жана бийликтин жообу

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай
Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан жабыркаган тургундар аталган станциянын таптакыр жабылышын талап кылып, эки ирет мэрияга кайрылганын айтышууда. Ал эми мэрия арыздар келбегенин билдирди.

ОШ, 25-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы. Алар бул жайдын биротоло жабылышын калаа бийлигинен талап кылышууда. Мындай пикирин кырсык катталган учурда жабыркаган 19-үйдүн жашоочулары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАЗС на улице Исанова в городе Ош
Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАЗС на улице Исанова в городе Ош
Алар бул жайдын биротоло жабылышын калаа бийлигинен талап кылышууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алар бул жайдын биротоло жабылышын калаа бийлигинен талап кылышууда.
1/2
Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы
2/2
Алар бул жайдын биротоло жабылышын калаа бийлигинен талап кылышууда.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичирайонуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан. Жарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген. 59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы 270 май куюу жайын онлайн көзөмөлдөмөй болду
Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун, мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткендигин билдирген. Окуядан соң калаа бийлиги мындан ары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыга тургандыгын маалымдаган.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, жарылуудан соң Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Аталган үйдүн башчысы Самаркан Мырзаназарованын айтымында, жарылуудан кийин аталган үйдүн жашоочулары жалпы 500дөй адамдын колу коюлган арыз калаа башчысы Таалай Сарыбашовго эки ирет жолдонгон. Алар арызда аталган көчөдө жайгашкан "күйүүчү май куюучу жай кайрадан иштетилбесин" деген талап коюшкан.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы 19-үйдүн башчысы Самаркан Мырзаназарова
Ош: жарылуу болгон май куюучу жай кайра иштедиби? Нааразылык жана бийликтин жообу - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы 19-үйдүн башчысы Самаркан Мырзаназарова

"Себеби бул жай биз жашаган үйгө өтө жакын. "Кайрадан жарылуу болбойт" деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз дайым коркуп жашагыбыз келбейт. Учурда май куюучу жай кайрадан калыбына келтирилип, курулуш иштери жүрүп жатат. Жада калса, ачылыш аземин өткөрүп, чай бергенин уктук. Демек, кайрадан иштеп баштайт. Шаар мэри Таалай Сарыбашовго арыз менен кайрылгандан бери бир топ убакыт өтсө да жооп ала элекпиз. Биз шаар тургуну катары бул кооптуу жайдын жабылышын талап кылабыз", — деди Мырзаназарова.

Жарылуу катталган жерге барган кабарчы күйүүчү май куюучу жай кайрадан калыбына келтирилип жаткандыгын, курулуш иштери дээрлик аяктап калгандыгын билдирди.

Ал эми аталган жайдын ээси менен байланышып, комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

19-үйдүн тургундарынын арызы тууралуу маалыматты тактоо үчүн калаа башчысы Сарыбашовго кайрылганыбызда, ал аталган үйдүн тургундарынан мындай маанидеги арыз келбегендигин билдирди. Анын айтымында, кырсыктан кийин калаадагы күйүүчү май куюучу 44 жай текшерүүгө алынып, 18 станцияда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы аныкталган.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарынын мэри Таалай Сарыбашов
Ош: жарылуу болгон май куюучу жай кайра иштедиби? Нааразылык жана бийликтин жообу - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов

"Эртең, 26-июнь күнү, күйүүчү май куюучу жайдын ээлери менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүрөт" — деди мэр.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов да жашоочулардан арыз келип түшпөгөнүн айтты.

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев жарылуу болгон май куюучу жайдын ээсине тергөө аяктап, соттун чечими чыкмайынча аны кайра курууга же иштетүүгө болбой тургандыгы оозеки эскертилгендигин билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭкологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев
Ош: жарылуу болгон май куюучу жай кайра иштедиби? Нааразылык жана бийликтин жообу - Sputnik Кыргызстан
Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев

"Бүгүн да бул жайдын ээсине эскертүү берүү үчүн кат даярдап жатабыз. Соттун чечими чыкканга чейин курулуш иштерин жүргүзүү же иштетүү мыйзамсыз болуп эсептелет", — деди ал.

Базарбаевдин билдиришинче, аталган май куюучу жай 2000-жылдан бери иштеп келе жатат. 2018-жылдын декабрь айындагы пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө анын турак үйлөрдөн талапка ылайык 50 метр эмес, 43 метр аралыкта жайгашканы аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Мындан сырткары, аталган жайга алдоо жолу менен май куйгандыгы боюнча 5000 сом өлчөмүндө, өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы боюнча да 5000 сом айып пул салынган.

"Жарылуудан соң бул жай текшерүүгө алына элек. Себеби мыйзам боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу коопсуздук эрежелери сакталып-сакталбагандыгын азырынча текшере албайбыз", — деди ал.

Ош шаарындагы май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: май куюучу 44 бекеттин 34үндө коопсуздук сакталган эмес
Базарбаевдин айтымында, жарылуу фактысы катталган соң Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы Ош шаардык мэриясынын буйругунун негизинде Экономика министрлигинин аймактык башкармалыгы менен макулдашып, калаадагы май куюучу 44 жайды текшерүүгө алган.

"Текшерүү учурунда 12 жайдын ээси текшерүүгө барган кызматкерлерди аталган жайга киргизбей, ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүүгө тоскоолдук жараткандыгы үчүн алардын үстүнөн Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылдык. Ал эми 22 жайда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы, ченемдик нормалар бузулгандыгы аныкталып, ал боюнча материал сотко өткөрүлдү", — деди Базарбаев.

Ушу тапта калаадагы май куюучу 44 жайдын баары тең ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0