Нарында коменданттык саат жарыяланат. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека
Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөөлөр облустун айрым жашоочуларына гана тиешелүү болот.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда аскердик окутуулар өтүп, коменданттык саат жарыялана турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ИИМ, УКМК, ӨКМ өкүлдөрүнүн катышууусу менен өтө турган "Коопсуздук-2019" машыгуулары 25-27-июнга белгиленген.

Ал эми коменданттык саат 26-июнда  21.00дөн таңкы 6.00гө чейин жарыяланат. Чектөөлөр машыгуу өтчү үч күнгө тең тиешелүү деген маалымат четке кагылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0