Балыкчынын пляждарында желим бөтөлкөлөр үчүн контейнерлер орнотулду. Сүрөт

© © SputnikКонтейнеры для пластиковых бутылок на территории пляжей Балыкчи
Контейнеры для пластиковых бутылок на территории пляжей Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар бийлиги таштандылардын көбөйүшүн алдын алууга тийиштүү аракеттерди көрө баштады.

БАЛЫКЧЫ, 25-июн. — Sputnik. Балыкчыдагы пляждардын аймагына желим бөтөлкөлөр үчүн атайын контейнерлер орнотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, "Толкун", "Сейил" жана "Почта" пляждарына бирден контейнер коюлган. Бул демилге шаардык Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо мекемесинин жетекчиси Марат Таржиевге таандык.

"Желим бөтөлкөлөр 100 жылда чирип жок болот. Мындан улам пляжга келгендер бөтөлкөлөрдү туш келди ыргытпашы үчүн атайын контейнерлерди орноттук", — деди Таржиев.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Көл жээгинде эс алуу жүрөккө кандай таасир этет? Окумуштуулардын иликтөөсү
Ар бир контейнердин баасы үч миң сом, көлөмү 1,1 кубометрди түзөт.

Учурда желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, аны майдалоочу аппарат сатып алуу пландалууда. Майдаланган сырье Бишкектеги кайра иштетүүчү цехтерге жөнөтүлүшү ыктымал. Тажиев келечекте кайра иштетүүчү цехти Балыкчыда ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0