Бишкекте дарак канталасы көбөйүп кетти, кайда кайрылып, эмне кылыш керек?

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу Бишкектиктердин тынчын алып жаткан кара жыгачтын уругунун канталасы
 Бишкектиктердин тынчын алып жаткан кара жыгачтын уругунун канталасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриядан күтүлбөгөн "коноктордон" кантип арылуу керектиги боюнча кеп-кеңеш сураган жайдын телефон номерин беришти.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектиктердин тынчын алып жаткан кара жыгачтын уругунун канталасы адамды чакпайт. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Калаадагы дарактарда жана бак-шактуу үйлөрдүн терезелеринде, балкондордо пайда болуп жаткан майда жаныбарлар көптөрдүн тынчын алууда.

Эл арасында аларды кара жыгачтын уругунун канталасы деп аташат. Түсү жашыл жана күрөң келет.

Билдирүүдө бул жаныбарлар негизинен дарактардын көңдөйүндө жашары айтылат. Ал эми учурда мынчалык көп санда болуп кетишинин себебин алардын көбөйгөн маалы экени маалымдалган.

Эркиндик бульварындагы эмен бактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте алгачкы жолу эмендерди зыянкечтерден коргоо үчүн ийне сайылууда
Мэриядан кургак жана туруктуу аба ырайында алар дарактардын коңулуна кирип кетерине ишеним арткан.

Андан сырткары, жолбун мышыктарга көңүл буруу туурасында маалымдалган. Анткени алар бак-дарактарга канаттуулар салган уяны бузганда жуктуруп алат деп түкшүмөлдөшкөн.

Муниципалитеттен бул жандыктан коргонуу, үй-жайга кирип кетпеши үчүн терезе менен балконго тор тагып, андан сырткары дихлофос сыяктуу каражаттарды колдонууну кеңеш беришкен.

Бишкек мэриясы бул окуяга байланыштуу өсүмдүктөргө "Бишкек жашыл чарба" ишканасы химиялык чачыратмаларды колдонууга акысы жоктугун эскертти.

"Бул иш менен Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча департаментинин Фитосанитардык коопсуздук департаментинин бөлүмү иш алып барат", — деп билдиришти мэриядан.

Муниципалитеттен мындай учурда департамент өкүлү Мунар Дүйшөмбиевге чалуу керектигин эскертишти. Кызматкерлер келип, акы төлөнгөндөн кийин үйдүн жанындагы бак-дарактарга химиялык заттарды чачып, жандыктарды азайтуу боюнча аракеттер көрүлөрүн айтты.

Ал эми үйдүн ичине кирип кете турган болсо, Бишкек шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин 54-45-37, 54-45-40 телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0