Сокулукта балдарын катуу сабады делген ата кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар окуядан кийин ооруканага жаткырылган. Ал эми алардын апасы бөбөктөр сабалган учурда жумушунда болгон.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Сокулук районунда өзүнүн 2 жана 5 жаштагы балдарын сабаган деген шек менен киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Молниеносная реакция! Мать спасла ребенку жизнь в последнюю секунду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Акыркы секундда баласын ажалдан алып калган эне. Жүрөк түшүргөн видео
Балдар ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат милицияга 22-июнь күнү аймактык ооруканадан түшкөн. Укук коргоочулар жеринде балдардын 26 жаштагы энесин суракка алышкан. Аял 21-июнь күнү саат 20.00дө коңшусунан жолдошу балдарын сабап жатканын укканын билдирген. Ал жумушунан келип эле жерде жаткан үч жаштагы баласын жана анын жанында отурган экинчи бөбөгүн көргөн. Ал балдарын дароо ооруканага алып барган.

Сурак учурунда аял жолдошуна доосу жок экенин айтып, ага карата териштирүү иштерин токтотууну суранган. Бирок ага карабастан факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси ("Уруп согуп кыйноо") боюнча каттоого алынды.

Киши ошол эле күнү колго түшүп, сурак учурунда айыптоолорду четке каккан. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0