Ишкерлер өлкө рыногун чет элдин азыктары басып калганына нааразы

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAУрожай помидоров
Урожай помидоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фермерлердин айтымында, мамлекеттик органдар көзөмөлдү начар жүргүзүп жатышат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ишкерлер Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин биринчи жыйынында чет элден келген азык-түлүктөр Кыргызстандын рыногун басып калганын айтып арызданышты.

Кумтөр алтын комбинаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кумтөрдүн кирешесин күтпөй өнүгүүнүн башка жолун көрсөттү
Агробизнесмендердин "Жер азыгы" аттуу ассоциациясынын башчысы Азиза Юлдашева айыл чарба продукциялары Өзбекстандан арбын кирип жатканына токтолду. Ал ошондой эле мындай демпингге кооперациянын жардамы менен каршылык көрсөтүүгө болорун белгиледи.

Жашылча өндүрүү ассоциациясынын директору Диляра Алимжанова болсо атамекендик продукцияларды экспорттоодо техникалык регламентти так сактоо зарылдыгын эскертип өттү.

"Көзөмөл органдары тарабынан өзүбүздүн рынок дагы толугу менен корголгон эмес. Бизде сапаты начар эт жана башка азыктар сатылууда", — деди Алимжанова.

Ал ошондой эле атамекендик ишкерлер үчүн биринчи орунда чет элдик эмес, жергиликтүү рынок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0