Кулматов менен Ибраимов УКМКнын тергөө абагында эле калмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун өткөн жыйынында УКМК Кулматов менен Ибраимов баштаган соттолуучуларды орун калбай калгандыктан №1 тергөө абагына которууну өтүнүп кат менен кайрылган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов УКМКнын тергөө абагында калмай болду. БУл тууралуу КСДП билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ленин райондук соту бүгүнкү отурумда кабыл алган.

Эскерте кетсек, соттун өткөн жыйынында УКМК Кулматов менен Ибраимов баштаган соттолуучуларды орун калбай калгандыктан №1 тергөө абагына которууну өтүнүп кат менен кайрылган. Жактоочулар буга каршы чыккан.

Сот кеңешкенден кийин Кулматов менен Ибраимовду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды.

Экс-мэрлердин иши

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
Албек Ибраимовго карата Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматы боюнча, Ибраимов мэр болуп турганда жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн. Ал 2018-жылдын 19-июлунан тарта камакта.

Кулматов "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 18-майында кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0