Бишкектин жарыгы жок калчу 33 аймагы. Тизме

© SputnikЖарык жандырып жаткан бала. Архив
Жарык жандырып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү аталган компаниянын кызматкерлери үйлөрдүн ичиндеги түйүндөрдү жана трансформаторлорду оңдоо менен алек болушат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 24-июнь күнү борбор калаанын 33 жеринде электр кубаты берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Бул күнү аталган компаниянын кызматкерлери үйлөрдүн ичиндеги түйүндөрдү жана трансформаторлорду оңдоо менен алек болушат.

Жарык төмөндөгү аймактарда болбойт:

  • 8.00дөн 17.00гө чейин — Бөкөнбаев көчөсүндөгү №14 үй;
  • 9.00дөн 17.00гө чейин — Арча-Бешик конушунун Миң-Куш, Садырбаев, Абдрахманов, Кара-Коо, Он-Арча, Баба-Ата, Ойсул-Ата, Чортеков, Ак-Туш, Бердибаев, Кызыл-Абыр, Кривоносов, Күйүкова, Узун-Булак, Бакаев көчөлөрүндө;
  • 9.30дан 13.00гө чейин — Алтын-Ордо жаңы конушу;
  • 9.30дан 17.00гө чейин — Муса Жалил, Төрөкул Айтматов, Тоголок Молдо, Лев Толстой, Фатьянов, Панфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн айрым жеринде;
  • 9.30дан 18.00гө чейин — Лев Толстой, Горький көчөлөрүнүн жана Ашхабад туюк көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 9.30дан 19.00гө чейин — Жибек Жолу проспектиси, Логвиненко, Панфилов, Орозбеков жана Мичурин көчөлөрүнүн бөлүгү;
  • 14.30дан 17.00гө чейин — Фатьянов, Горький, Лебедев-Кумач, Игамбердиев жана Ташиев көчөлөрүнүн бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0