Жаңы курулган этноскверди бүлгүнгө учуратып... "Зеленхоз" кайрылуу жасады

© пресс-служба мэрии города БишкекСквер на пересечении улиц Анкара (бывшая Горького) и Виноградной в Бишкеке
Сквер на пересечении улиц Анкара (бывшая Горького) и Виноградной в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана мындай жорук балдардын колунан келген деп эсептеп жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Зеленхоз" муниципалдык ишканасы шаар мүлкүн бүлгүнгө учуратпоо өтүнүчү менен балдарга кайрылды.

Маалыматка ылайык, майдын аяк ченинде жаңы ачылган этносквердеги жыгач комуздардан жазуулар табылган. "Зеленхоздун" кызматкерлери "Аделя + Эмир", "Малика" жана башка ушул сыяктуу жазууларды балдар калтырып кетишкен деген пикирде. Анда инсталляция жасалган жыгачтын өзү эмес, үстүндөгү лагы эле жабыркаганы айтылган.

19-июнь күнү жумушчулар ушул эле жазуулардын тереңирээк чегилгенин, инсталляциянын жабыркаганын көрүшкөн.

"Зеленхоз" балдарга мындай кылык-жоруктун кесепеттүү экенин түшүндүрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0