Күнүнө 10 саат иштеген киши кандай ооруга чалдыгары белгилүү болду

Жазылуу
Иликтөөгө 143 миң киши катышкан.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Он жылдан ашык убакыт күнүнө 10 сааттан иштеген адамдарда инсультка чалдыгуу тобокелдиги 45 пайызга өсөт. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы франциялык невролог, профессор Алексис Дескатанын иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып жазды.

Иликтөөгө 143 миң киши катышкан. Сурамжылоо учурунда алардын 42 миңи (29 пайызы) күнүнө 10 сааттан ашык иштерин айткан.

"Эмгекчил" жарандардын 45 пайызы кийинки жети жыл ичинде инсультка кабылышкан", — деп жазылат макалада.

Окумуштуулар муну мээдеги өнөкөт чарчоого байланыштырышат.

Баса, кан-тамыр ооруларына иштин узактыгы гана эмес, туруксуз расписаниеси дагы таасир тийгизиши мүмүкүн. Мисалы, улам алмаша берген смен жана түнкү жумуштар ден соолукка терс таасирин тийгизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0